Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 26-декабрда министрлик жана мекеме жетекчилери менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча келишимдин процедураларын ишке ашыруу тууралуу жыйын өткөрдү. Оторбаев өлкөнүн аталган уюмга кошулушу жөнүндө документтерди даярдоодо жетекчилерде патриоттуулук, кесипкөйлүк даана байкалганын белгилеп: "Биз кыска убакыттын ичинде Кыргызстан үчүн стратегиялык мүнөзгө ээ амбициялык документтерди даярдап, кол коюуга жетиштик",- деп билдирди.
Жыйында Кыргызстандын ЕАЭСке кошулуу келишими 2015-жылдын 1-майында күчүнө кирери, март айына чейин өлкө келишимди бекемдөө үчүн мамлекеттик ички процедураларды басып өтүшү керектиги белгиленди.
2015-жылдын 8-майында кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынмакчы. Бул учурда Кыргызстан "Манас" жана Ош аэропортторуна, Торугарт, Эркеч-Там тилкелерине өткөрүү пункттарын даярдашы керек.