Өзбекстан баары бир Кыргызстан менен тең укуктуу өнөктөш катары эсептешүүгө аргасыз болот

"Өзбекстан эртеби-кечпи, Кыргызстанга тең укуктуу өнөктөш катары мамиле жасоого аргасыз болот". Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди. "Өзбекстан буга чейин газы менен Кыргызстанга кысым көрсөтүп келген, бирок быйыл анысы ишке ашкан жок. Эми алар биз менен тең укуктуу өнөктөш катары сүйлөшүү керектигин түшүнүшөт",- деди президент.
Мамлекет башчы энергетикалык кырдаалга элди сабырдуулук менен кароого чакырды. "Аз калды, чыдап тургула. Энергетикалык долбоорлор ишке ашса, эч кимге көз каранды болбойбуз",- деп кошумчалады президент.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан