Президенттин басма сөз катчысын элчилик кызматка дайындоого АКШ макулдук бергени айтылды

Президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловду элчилик кызматка дайындоого АКШ макулдук берди. Маалыматты 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда өлкө башчы өзү билдирди. "Анын талапкерлигине АКШ макулдук берди. Бирок чечимди парламенттин тармактык комитети жактырышы керек",- деди президент. К.Токтогуловдун элчилик кызматка талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети жакын арада карайт. 
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиевдин ыйгарым укуктары аяктаганы маалымдалган болчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан