“No name” командасынын концертинде Мурат Жалиев ырчы Ильяз Абдыразаковдон интервью алды

"Тамашоу" долбоорунун 6-сезонунда чемпион болгон “No name” командасынын кезектеги жеке концерти баш калаадагы Спорт Ордосунда орун алды. Ордолуу Ош жергесинен келген команда жаңы программадагы номерлерди күлкү сүйүүчүлөрүнүн назарына коюшту. Мындан тышкары көрүүчүлөрдүн суроолоруна “Элестет”, “National”, “Ассорти” командалары менен биргеликте тамаша менен жооп кайтарышып, залды каткырыкка бөлөштү. Залда отурган кыздарды сахнага алып чыгып сынак уюштурушту. Анда “No name” командасынын капитаны Мурат Жалиев Орусияга кетип 6 ай бою дайынсыз жүрүп, үйүнө кайткан күйөөнүн ролун аткарды. Бул номер көрүүчүлөрдүн шатыра-шатман кол чабууларына арзыды. Команданы куттуктап ырчылар Айпери Кубик кызы, Данияр Эрматов, “Добулбас” тобунун жигиттери келишти. Ал эми ыр белек сунган ырчы Ильяз Абдыразаковдон Мурат Жалиев журналист катары интервью алууга да үлгүрдү.

Ырчы Ильяз Абдыразаковдун “No name” командасынын оюнчусу Мурат Жалиевге берген интервьюсунан:

Мурат Жалиев: - Канча ырыңыз бар?

Ильяз Абдыразаков: - 200 ырым бар.

Мурат Жалиев: - Хит болгон ырларыңыздан санап өтсөңүз...

Ильяз Абдыразаков: - “Азап”, “Жаным, ай”, “Багыттар”.

Мурат Жалиев: - Калганы ит болгон да, ээ?.. Каяктан кийинесиз?

Ильяз Абдыразаков: - “Бета-Сторес”, “Дордой-Плаза” дүкөндөрүнөн.

Мурат Жалиев: - Андан көрө үйүңүздөн кийинсеңиз болмок экен... Футболго кызыгасыз да. Дүйнөлүк футбол оюнчуларынан Роналдо жагабы же Мессиби?

Ильяз Абдыразаков: - Роналдону жактырам.

Мурат Жалиев: - Роналдону жакшы көргөнүңүздү аяшыбыз билеби анан?.. Кыска суроолор бар, ага тез-тез жооп беришиңиз керек. Кандай ат чөп жебейт?

Ильяз Абдыразаков: - Кусалуу ат.

Мурат Жалиев: - Жок, сүрөттөгү ат чөп жебейт. Кандай короз кыйкырбайт?

Ильяз Абдыразаков: - Уктап жаткан короз.

Мурат Жалиев: - Жок, туура эмес, бычылган короз кыйкырбайт. Уусу көп жылан?

Ильяз Абдыразаков: - Кобра.

Мурат Жалиев: - Жок, аялыңыз... Жакшы көргөн тамагыңыз?

Ильяз Абдыразаков: - Бешбармак, манты, аш, балык.

Мурат Жалиев: - Болбой калса “Роллтон”, ээ? Кышында да, жазында да бирдей кийимчен турган ким?

Ильяз Абдыразаков: - Балаты.

Мурат Жалиев: - Жок, “гаишниктер”... Бишкектеги эң “бардак” жер кайсы?

Ильяз Абдыразаков: - Базар болуш керек.

Мурат Жалиев: - Жок, Жогорку Кеңеш. Сүйүүгө ишенесизби?

Ильяз Абдыразаков: - Албетте, ишенебиз.

Мурат Жалиев: - Бул дагы “лох” экен да...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
kg.sity93
2014-12-28 01:28:53
Алга Алга Алга Алга.бар болгула
0
aszyma
2014-12-28 02:10:11
Икрам кошулуп калганбы
+1
azamat4ik
2014-12-28 03:06:47
ха-ха-ха-ха молодцы ребята чыгармачылык ийгилик силердин тамашалаынар аябай жагат алга но нейм балдар балдар Ош!
0
dominic_toretto
2014-12-28 04:12:50
Булар жакында эле концерт бергенсиди эле го
+1
aigulya_9025.mail.ru
2014-12-28 07:45:25
Ийгилик силерге, онорунор оркундой берсин
+1
kara_kulzha
2014-12-28 10:06:22
Концертин каерден көрсөк болот?
0
jasi
2014-12-28 13:28:23
Азаматтар, эмне десен да татыктуу булар! Ушунунардан жазбагвла!
0
suiuktuujar
2014-12-28 15:58:55
Мыкты жигиттер Но нейм алга.
0
papanstan
2014-12-28 18:15:28
Жакшы Икром бар экен ураа
0
sezimai93
2014-12-28 19:15:21
ийгилик
0
STOKS
2014-12-28 19:58:20
ОшМУ алга! Азаматсынар No Name
+1
Mavlyuda
2014-12-28 21:21:53
Видеосу качан чыгат
0
ALIK-BRO
2014-12-28 22:39:05
Азаматсынар. Ийгилик жигиттер.
0
sardarbek84
2014-12-28 23:26:23
Видеосун кутобуз. Азаматсынар ийгилик! Мурат талантын ташкындай берсин. Алга нонейм.
0
arzuu1
2014-12-29 00:05:06
Ильяз красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан