Бүгүн, 27-декабрда саат 10:00 чамасында куралчан 5 адам Ош аэропортунун VIP-залына бастырып киришип (Ош ОИИБинин маалыматы боюнча), карактоо жолу менен баштыктарга салынган ири суммадагы акчаны алышып, акча ээлеринин бирин өздөрү менен кошо алып кетишип, изин жашырышкан. Алар номуру кызыл түстүү (D 0118) Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. Ош ОИИБи кылмышкерлер колго түшө электигин кабарлады. Төмөндө Ош аэропортунун VIP-залдары тууралуу кыскача маалымат:
Аэропортто аталган типтеги 3 зал бар. Алардын бири бардык каалоочуларды, экинчиси депутаттарды тейлейт. Ал эми президент үчүн өзүнчө VIP-зал бар. Жалпы жарандар үчүн VIP-залдардын баасы ар бир сырттан келген жаран үчүн 1000 сом, жергиликтүү жүргүнчүлөр үчүн 800 сомдон.