3 күн калды: Орусия кыргызстандык мигранттардан жумушка уруксат берүүчү документ талап кылууну токтотот

Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргызстандык мигранттардан 2015-жылдын 1-январынан тартып жумушка уруксат берүүчү документ талап кылуу токтотулат. Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдиргендей, мындан ары кыргызстандыктар жумуш берүүчү менен келишим түзүп жана патенттик негизде иштөөгө өтүшөт. Мындай норма жумуш берген юридикалык жактар менен бирге жеке жактарга да тиешелүү болот. 

Документти алуу үчүн мигранттар орус тилин, Орусия тарыхын жана өлкөнүн негизги мыйзамдарын билерин сынак аркылуу далилдеши керек. Мындан тышкары патент алуучу жаран коркунучтуу ооруга кабылбаган болушу керек. 

Белгилей кетсек, мындай тартип Орусия менен визасыз режимде кызматташкан өлкөнүн жарандарына тийиштүү болот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан