Бүгүн, 29-декабрдан баштап мектеп окуучулары каникулга чыгышты

Өлкө аймагында бүгүн, 29-декабрдан тарта окуучулар кышкы каникулга тарашты. Буга чейин жарыяланган графикте борбордогу мектеп окуучулары 2014-жылдын 29-декабрынан 2015-жылдын 18-январына чейин эс ала тургандары айтылган. Ал эми жогорку окуу жайлардын студенттери кышкы каникулга 2015-жылдын 1-январында чыгышат. Студенттердин эс алуусу 31-январга чейин созулат. 

Белгилүү болгондой, бул график КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 16-октябрындагы №832-буйругуна ылайык, билим берүү мекемелеринин каникулдардын жаңы графиги жөнүндөгү буйругунун негизинде түзүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан