Бишкекте кыргыз-корей кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов Түштүк Корея парламентинин Социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Чун Жин баштаган өкүлчүлүк тобу менен жолугушту. Маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 29-декабрда билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-корей кызматташтык мамилелеринин келечеги, эки өлкө парламенттеринин ортосундагы алакаларды арттыруу жаатында пикир алышты.

Кулов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги акыркы мезгилде жигердүү иш алып бара баштагандыктан, кыргыз-корей кызматташтык мамилелери жандана баштаганын айтып, Кореянын өкмөтүнө Кыргызстанда эл аралык стандарттагы госпиталь куруу долбоорун сунуштаганын билдирди.

Мындай долбоор өзүнүн концептуалдуулугу менен айырмаланып, кыйла ийгиликтер менен коштоло турганына ишеним бар”,- дейт Кулов.

Ал эми Ким Чун Жин Кыргызстан менен Кореянын, анын ичинде парламенттер аралык алакалардын артышына түрткү берерин, эки өлкөнүн тарыхый өнүгүү жолунда окшоштуктар бар экенин баса белгиледи. “Корея кыска мезгил аралыгында агрардык тармактан индустриалдуу тармакка, андан жогорку технологиялуу өлкөгө өсүп жетилди. Силердин да ушундай умтулууңар колдоого арзыйт. Демек, өз ара тажрыйба алмашуу жаатында жигердүү иш алып барууга тийишпиз,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан