Өлкөнүн бир катар аймактарында кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүүдө

ӨКМнын Гидрометеорология боюнча агенттигинин божомолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2014-жылдын 27-декабрынан 29-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Жыйынтыгында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда бир катар артиллериялык атуулар жүргүзүлдү. Айрым жайларда атуулардын жыйынтыгында көчкүлөр түшкөн жок. Кээ бир аймактарда мындай иштер бүгүн, 29-декабрда да уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан