КМШнын курамына кирген 11 мамлекеттин эне тилинин электрондук сөздүгү түзүлөт, анын ичинде кыргыз тили да бар. Мындай маалыматты Кыргызстандын орусиядагы элчилиги билдирди. Аталган сөздүктү КМШнын Эл аралык жана гуманитардык байланыш фонду менен Орусиядагы "ABBYY Lingvo" компаниясы биргеликте түзүп жатат. Анда бардык сөздөр 11 тилде эң туура жана так которулары билдирилди.