Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн жумушчу топ түзүлдү

Өкмөт энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында жумушчу топ түздү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 29-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   

Жумушчу топтун курамы:

- Кубанычбек Турдубаев - энергетика жана өнөр жай министри;

- Курманбек Дыйканбаев - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Бахтияр Кадыров - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Нуржан Бадыкеева - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Нурбек Элебаев - өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси;

- Мирлан Байгончоков - каржы министринин орун басары;

- Кылычбек Жакыпов - экономика министринин орун басары;

- Эрик Күйкеев - социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;

- Айбек Калиев - энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

- Азаматбек Абдыбеков - өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчисинин орун басары;

- Төлөн Турганбаев - тышкы иштер министрлигинин өкүлү;

- Таалайбек Толубаев – “Электр станциялары” ААКнын башкы жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан