Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызмат ордуна талапкерлигин жабык форматта карап жатат. Мындай чечим комитеттин 29-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Андан сырткары жыйында депутаттар Кыргызстандын Азербайжандагы элчилик кызматына Айжигит Бурановдун талапкерлигин карашат.