«Быйыл автоматтык түрдө которуу системи «Гугл транслейтке» казак жана өзбек тилдери кошулду. Анан бизде "Кыргыз тили качан бул тизмени толуктайт?" деген суроо туулган. Ушул айдын башында бул системге кошулуу үчүн "Кыргыз тилди интернетте өнүктүрүү" боюнча тендер өткөн. Ага биздин коомдук фонд катышып, аны утуп алды. Азыркы тапта келе жаткан жылы бул которуу системине кирүү боюнча бир катар иштер жүрүүдө. Мамлекеттик тил комиссиясы 20 миң доллар каражат бөлүп берди. Буюрса, 2015-жылы англис тилинен кыргыз тилине 1 миллиондой сөздү которсок, ал системге кирип калабыз деген үмүт пайда болду",- дейт Ч.Сааданбеков.