Депутат Абдыжапар Бекматов: "Ош шаарынын мэрин шайлоонун 2 варианты сунушталууда"

"Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорлоруна ылайык, Бишкек шаарынын мэрин премьер-министрдин сунушу менен жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт, ал эми Ош шаарынын мэрин шайлоодо эки вариант бар: биринчиси - Ош шаардык кеңешиндеги фракциялардын жана премьер-министрдин сунушу менен шайланат, экинчиси - премьер-министр гана сунуш кыла алат деген нормалар киргизилди. Мындай маалыматты депутат Абдыжапар Бекматов бүгүн, 5-февралда «Парламент» радиосунун түз эфиринде билдирди. Депутат бул мыйзам долбоорлору менен мэрлердин ыйгарым укуктары кеңейип жатканын билдирип, эки мэр шаардагы сотторду, прокурорлорду, Улуттук коопсуздук кызматтын жетекчилерин, Статистика комитетинин башчыларынан башка бардык мекеме, уюм башчыларын өздөрү дайындай ала тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан