Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызмат ордуна талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 29-декабрдагы жыйынында жактырды. Комитет чечимди жабык эшик артында өткөн отурумда кабыл алды. Президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын талапкерлигине АКШ макулдугун бергенин айткан.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиевдин ыйгарым укуктары аяктаганы маалымдалган болчу.
Ошондой эле комитет Айжигит Бурановдун Кыргызстандын Азербайжандагы элчилик кызмат ордуна талапкерлигин жактырды. Жабык форматта өткөн жыйында кабыл алынган чечим тууралуу депутат Каныбек Иманалиев журналисттерге билдирди. Айта кетсек, Буранов учурда Кыргызстандын Азербайжандагы өкүлү болуп иштейт.