Кытай Кыргызстанга 16 миллион долларлык 3 учак берет

Кытай Кыргызстанга баасы 16 миллион долларлык учак берет. Мындай маалыматты бүгүн, 5-февралда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, Кытай өлкөсү “Кыргызстан” авиа- компаниясына МА-60 үлгүсүндөгү эки учакты 20 жылга лизинг түрүндө, дагы бир учакты гранттык негизде бермей болду. Учактардын ар биринин баасы 16 миллион доллар турат жана ички сыйымдуулугу 54 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган. "Биз ал учактар чыккан заводго бардык, кыймылдаткычтары Канаданыкы экен. Алар ички каттамда колдонууга абдан ыңгайлуу жана сапаттуу чыгарылыптыр”,- деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан