Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар эми ажылык сапарга бара алышпайт

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар эми ажылык сапарга бара алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйынында муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Сауд Арабия 3 жолу уруксат берген. "2015-жылы мындай жеңилдик берилбейт. Зыяратка баруучулар сөзсүз түрдө биометрикалык маалыматтарын тапшыруулары керек",- деди ал.
Мындан тышкары Ракиев учурда быйыл ажылык сапарга бара албаган жаран менен сот жүрүп жаткандыгын баса белгиледи. "Бул жаран Орусиянын жана Кыргызстандын жараны болгондуктан, ага уруксат берилген жок. Бул чечиле турган маселе. Айта кетсем, Кыргызстанга бөлүнгөн квоталарга өлкөнүн жарандары гана ээ боло алышат",- деп толуктады Ракиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrza80
2014-12-30 06:01:06
Ооба ошондой болуш керек башка олконун жарандарын ошол квоталарга жонотпой.Кудайдан коккула бизнести ойлобой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан