Садык Шер-Нияз Кинематографисттер союзунун башчысы кызматына кайра шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган союздун уставына ылайык, башчы 3 жылга шайланат. "Садык Шер-Нияздын башчы кызматындагы ыйгарым укуктары соңуна келип, мындан улам съезд талапкерлерди көрсөтүү маселесин талкуулашты. Жыйында Садык Шер-Ниязды калтыруу боюнча чечим бир добуштан кабыл алынды",- деп билдиришти министрликтен.
Мындан тышкары Кинематографисттер союзунун башкармалыгынын курамына жаңы мүчөлөр Мария Абакирова жана Фархад Бекмамбетовду кошуп, курамды ошол бойдон калтыруу боюнча чечим кабыл алынды.