29-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 377 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 30,93 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 174 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 156 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 577 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 732 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 29-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 миллиард 578 миллион метр кубду түзгөн.