Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеваны депутаттык мандаттан ажыратты

Бүгүн, 29-декабрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын депутаттык мандатын алып салышты. Муну аталган мекеме "Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин токтотуу" маселесин кароодо бекитишти.

БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.Исамидиновдун айтымында, ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чечимге президенттин Д.Ниязалиеваны вице-премьер-министр кызматына дайындоосу негиз болду.

Айта кетсек, 27-декабрда Дамира Ниязалиева социалдык блок боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан