Бүгүн, 29-декабрда Бишкектеги Жибек Жолу жана Жумабек көчөлөрүнүн ортосунда жаңы жылдык жарманке орун алды. Шаардык мэрия тарабынан уюшулган жарманкеге эт, балык, азык-түлүктөр, балдын түрлөрү, мөмө-жемиш, жашылчалар, жаңы жылдык атрибуттар коюлду. Ал эми мэриядан билдиришкендей, эт жана балык продуктулары жеринен Мамлекеттик санитардык инспекциясынан жана фитосанитардык коопсуздуктан текшерүүдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле жарманкеге коюлган товарлар жана азык-түлүктөр базар баасынан 10-12 пайызга арзан болуп жатканын кабарлашты.
Жарманке 30-декабрга чейин болот.