Бишкек тоо-техникалык колледжинин жетекчиси Р.Султангазиев Өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жана өрткө жол бергендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, ага 10 миң сом айып салынды. Бул туурасында КРнын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Бишкек тоо-техникалык колледжинде үстүбүздөгү жылдын 30-январында өрт чыгып, анда 39 чарчы метр аянт күйгөн.