Ошто каракчылык менен алектенип жүргөн топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда КРнын ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түштүк аймакта акыркы учурда каракчылык фактылары күч алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында декабрь айынын башында өлкө аймагында каракчылык менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.
"Кылмыштуу топтун башчысы буга чейин да ушул эле беренелер боюнча жоопкерчиликке тартылган. Бул топтун ичинде мурда сот жообуна тартылган түштүк аймактын 7 тургуну бар болгон. Учурда бул кылмыштуу топтун бир катар каракчылык фактыларына катыштыгы бар экени далилденген. Анын ичинде адамды уурдоо жана акча талап кылуу фактылары да бар",- деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, учурда бул топтун башка мүчөлөрүн да колго түшүрүү боюнча бир катар иш-чаралар жүрүп, мындан башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.