Президент Кубатбек Бороновго "генерал-майор", Бусурманкул Табалдиевге "генерал-полковник" наамын ыйгарды
КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев.
КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бооронов.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-декабрда кол койгон жарлыкка ылайык, "генерал-майор" жогорку аскердик наамы КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго ыйгарылды. Ошондой эле мамлекет башчы КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевге "генерал-полковник" наамын берүү боюнча жарлыкка да кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.