
* Мындан 21 жыл мурун, 2007-жылы советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы
Бакен Кыдыкеева 70 жаш курагында каза болгон. СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкеева 1923-жылы Бишкек шаарында туулган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ал алгач Пржевальск (азыркы Каракол шаары) облустук драма театрында, Тянь-Шань (азыркы Нарын) музыкалык драма театрында иштеген. Кинодогу мыкты ролдору үчүн Ленин ордени, Токтогул атындагы Мамлекеттик жана башка сыйлыктар, медаль, дипломдор менен сыйланган. Режиссёр катары А.Осмоновдун "Махабатын" койгон.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалган. Уурдалганга чейин музейдин экинчи кабатындагы орус көркөм сүрөт залында илинип турган “Крымдагы деңиз пейзажы” аталышындагы сүрөт 1866-жылы тартылган.
* Иракты 24 жыл башкарган (1979-2003) өлкөнүн 5-президенти
Саддам Хусейн мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы таңкы саат 6:00дө Багдад шаарында дарга асылган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.
* Мындан 311 жыл мурун, 1703-жылы Токиодо күчтүү жер титирөө болуп, 200 миңдей киши каза болгон.