
* Мындан 77 жыл мурун, 1937-жылы британиялык жана америкалык актёр
Энтони Хопкинс туулган. Ал "Молчание ягнят", "Ганнибал", "Красный дракон", "Лев зимой", "Магия", "Человек-слон", "Дракула Брэма Стокера", "Остаток дня", "Страна теней", "Легенды осени", "Никсон", "Амистад", "Маска Зорро", "Знакомьтесь, Джо Блэк" ж.б. тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.

* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы орусиялык балет артисти
Николай Цискаридзе Тбилисиде туулган. Ал 1992-2013-жылдары Чоң театрдын солисти болуп, 2001-жылы "Орусиянын Эл артисти" деген наамга ээ болгон. Ошондой эле Түндүк Осетиянын Эл артисти, Орусиянын Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты.
* Мындан 18 жыл мурун, 1996-жылы Гватемалада Жарандык согуш аяктаган. Ал 1960-жылы 13-ноябрда башталып, 36 жылга созулган. Айрым маалыматтарда "бул согушта 150 миңден ашуун адам жоголгон" деп айтылса, айрымдарында "200 миңден ашуун адам каза болгон" деп жазылган.

* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы "Гангнам стайл" ыры менен белгилүү болгон түштүк кореялык рэп ырчысы
PSY Түштүк Кореянын Сеул шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Пак Чэ Сан. Ал чыгармачылык менен 2001-жылдан бери эмгектене баштаган. Ал композитор, музыкалык продюсер катары да белгилүү.