Жылнаама, 3-январь: Мындан 6 жыл мурун советтик жана орусиялык актёр Александр Абдулов көз жумган

* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы төкмө акын, актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиев 72 жаш курагында көз жумган. Ал 1933-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. 1950-жылдан баштап өздүк көркөм чыгармачылык менен алектене баштаган. 1955-жылы акын-импровизатор катары Ардак баракчасы менен сыйланган. Кийин Республикалык куурчак театрына актёр катары чакырылып, 1965-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына солист катары ишке кирген. 1969-1973-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде режиссёр, 1973-1974-жылдары Кыргыз улуттук драма театрында актёр, 1975-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр болуп эмгектенген. Алгачкы жолу 1965-жылы "Алымкан" телефильминде роль жараткан.
 
* Мындан 58 жыл мурун, 1956-жылы америкалык актёр Мэл Гибсон АКШнын Нью-Йорк штатындагы Пикскилл деген жерде туулган. Ал "Неудержимые-3", "Мачете убивает", "Весёлые каникулы", "Возмездие", "Человек без лица" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан. Ал эми "Храброе сердце" тасмасына режиссёрлук кылганы үчүн "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.
 * Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы Орусиянын Иркутск шаарынын аэропортунан учкан Ту-154 учагы 5 мүнөттөн кийин кулап түшкөн. Учакта болгон 125 адам жана жердеги 1 киши көз жумган. 
* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы советтик жана орусиялык актёр Александр Абдулов көз жумган. 2007-жылдын август айынан баштап ден соолугуна байланыштуу тасмага тартылууну убактылуу токтото турууга аргасыз болуп, врачтардын көзөмөлү­нөн өткөн. Алгач ашказанына операция жасалып, андан соң чет элдик дарыгерлерден кеңеш алуу үчүн Израилге барган. Ал жактан "IV даражадагы өпкө рагы" деген диагноз коюлуп, дарылана баштаган. Бирок ал натыйжа берген эмес. 
Александр Абдулов кино дүйнөсүнө 1974-жылы аралашып, актёрдун кинодогу эң алгачкы кадамы “Витя, Маша жана деңиз аскерлери жөнүндө” аттуу тасмадан башталган. Ал эми чыныгы атактуулук ага “Кадимки сыйкыр” аттуу фильминдеги ролунан кийин келген. Анын эмгегинен жаралган дагы бир популярдуу кино – “Сүйүк­түүңөр менен ажырашпагыла”. Андан кийин эле Абдулов катышкан “Так ошол Мюнхгаузен” (1979), “Сыйкырчы” (1982), “Свифт курган үй” (1983), “Сүйүүнүн эрежеси” (1984) жана башка кинолор биринин артынан бири жарык көрө баштаган. 
Александр Абдулов жалпысынан 140ка жакын фильмде роль жараткан. Акыркы жылдары “NEXT” фильмдеринде, “Сүйүү жөнүндө”, “Муз доору”, “Капкан”, “Артист кыз”, “Лузер” сыяктуу тасмаларда аткарган ролдору аркылуу элдин жүрөгүнөн орун алган. 1986-жылы “СССРдин Эмгек сиңирген артисти”, 1991-жылы “Орусиянын Эл артисти” наамдарынын ээси болгон. Ошондой эле 1997-жылы Ардак белгиси ордени, 2007-жылы “Мекенине сиңирген эмгеги үчүн” IV даражадагы орден менен сыйланган. 
3-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан