Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов 29-декабрда ММКлардын бириндеги маегинде президент Алмазбек Атамбаев жүргүзүп жаткан саясатты толук колдой турганын билдирди. Бабанов мамлекет башчынын бардык ишти ачык жүргүзүп жатканын белгиледи. "Эгер президент каршы болсо, бир дагы башкы прокурор коррупция менен мынчалык күрөшө албайт болчу. Өлкө башчынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөөсү да бийликке аралашкан жок, "мөөнөтүм бүтсө кетем" деп буга чейинки кайсы президент айтты эле?"- деди экс-премьер.
Бабанов өкмөт башчылыктан кетүүсүнө байланыштуу президентке эч кандай таарынычы жок экенин кошумчалады. "Бул кишинин ички принциптерин жакшы билем, ички принциби таза адамга мен эч качан таарынбайм",- дейт Бабанов.