Бишкекте Жогорку Кеңештин жаңы жылдык балаты майрамы болду

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Чолпон Султанбекова менен Бөдөш Мамырова катышты.

Жаңы жылдык балатыга келгендерди вице-спикер Ч.Султанбекова Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан куттуктады. “Ар жыл сайын биз Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөбүз. Биздин балдарыбыздын келечеги кең. Андыктан мен балдарга бардык кубанычтарды каалайм”,- дейт ал. Майрамдык иш-чарада балдар үчүн концерт уюштурулуп, аларга белектер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан