Кеминдеги жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 16 адам жабыркады

2014-жылдын 29-декабрында саат 15:15 чамасында Кемин районунда Бишкек-Торугарт жолунун 105-чакырымында Мерседес-Спринтер менен Лексус-RX-300 кагылышып кеткен. Натыйжада 2 адам каза болуп, 16 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мерседес-Спринтерди 1989-жылы туулган Азамат Жээнбаев башкарып, 24 жүргүнчүсү менен Чоң-Кеминге бара жаткан. Ал эми Лексус-RX-300 үлгүсүндөгү унааны Мелис уулу Насирдин айдап, 4 жүргүнчүсү менен Бишкек шаарынан бара жатып каршы тилкеге чыгып кеткен. 

Кырсык болгон жерден Лексустун жүргүнчүсү, 1942-жылы туулган Латипа Орозалиева каза болгон. Мындан сырткары 1967-жылы туулган Фатима Мусабаева аймактык ооруканадан көз жумган. 

Мерседес-Спринтер унаасынан 16 адам Кемин аймактык ооруканасына жеткирилген. 8 адам жеңил жаракат менен өз алдынча үйлөрүнө кетишкен. Куткаруучулар тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shutUP
2014-12-30 11:56:01
Номери айтып тургандай чын эле "bad" болуптур
0
uulay
2014-12-30 14:40:28
Кудай озун сакта кырсыктан
0
Alina1984
2014-12-30 15:28:50
Биздин кошуна айылдагы еже екен!Ыйманы саламат болсун!Мага алысыраак еже болот,Боролдой деген айылда медсестра болуп иштечу еле ,Фатима еже жаткан жериниз жайлуу болсун!Ачык айрым жакшы еже еле
0
kg.sity93
2014-12-30 15:36:14
Кырсык каш кабактын ортосунда экен да.э жараткан отуп кеткен адамдардын жаткан жери бейиште болсун!!.ооруканадагылар тезирээк айыгып кетишсин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан