Бир айда Бишкек мэриясына кардарлардын укугу бузулгандыгы тууралуу 60 кайрылуу түшкөн

2013-жылдын январь айында Бишкек мэриясына караштуу кардарлардын укугун коргоо департаментине кардарлардын укугу бузулгандыгы тууралуу 60 кайрылуу түшкөн. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул кайрылуулар боюнча аталган департамент “Аламүдүн” жана “Ак-Эмир” базарларында рейд жүргүзүп, кардарлардын укугун бузган жарандарга карата 32,6 миң сомдун тегерегинде айып пул салган. Учурда Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүн текшерүү иштери уланып жатканын билдирди мэрия. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан