Президент Алмазбек Атамбаев "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алган мыйзамдын максаты - баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлорду импорттоо, экспорттоо жана транзиттөө тармагындагы Кыргызстандын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына ылайык келтирүү.
Мыйзам Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушуна байланыштуу мыйзамдар пакетине кирет жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу келишимге Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзуна кошулуу жөнүндө келишими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.