“ЭкспоСтрой” ЖЧКсынын курулуш объектисинин 8-кабатынан кулап кетип каза тапкан 16 жаштагы Жаныш Мамбетакун уулунун өлүмү боюнча аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Нариман Түлеев жана ишкананын аткаруучу жетекчисине 20 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш боюнча курулушка тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын инспектору менен бөлүмдүн жетекчиси да иштен бошотулду.
Белгилүү болгондой, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзүнүн жеке көзөмөлүндөгү окуя боюнча жыйын өткөргөн болчу. Анда ал өспүрүмдүн өлүмү боюнча тиешелүү мекемелерди катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында "Бишкек башкы курулуш" тарабынан Бишкек шаарында курулуп жаткан көп батирлүү 26 үй текшерилди. Жыйынтыгында 2 объекттин курулушу токтотулуп, 43 миң сом өлчөмүндөгү айыптар салынды.
Ошондой эле жогоруда аталган окуяны иликтөө иштеринин алкагында каза болгон Жаныш Мамбетакун уулу “ЭкспоСтрой” ЖЧКсынын бригадири Ж.Тобокеловдун кайниси болгондугу аныкталды. Ал 24-ноябрь күнү жетекчилерине кабар бербестен, кайнисин объекттин аймагына киргизген. Аталган курулушта техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабаган күнөөлүү тарапты аныктады. Жоопкерчиликтерин кароо максатында комиссиянын материалдары Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. Аталган факт боюнча Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
"Азыркы учурда тергөө аракеттери улантылууда. Мындан тышкары курулуштардагы кокустук окуялары жана өрт кырсыктарына байланыштуу Мамэкотехинспекциянын ишмердүүлүгүн анализдеген түзүмдөр аралык комиссия түзүү тууралуу демилге көтөрүлүп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы жана укук коргоо органдарынын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү корутунду берилет" деп айтылат маалыматта.