Комузчу Рахат Көчөрбаевге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси ыйгарылды

Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында белгилүү комузчу Рахат Көчөрбаевдин жеке концерти болуп өттү. КРнын Маданият маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, кечеде комузчу улуу өнөрпоздордун чыгармаларын аткарды. Концерт Руслан Жумабаев, Закирбек Дүйшөнбек уулу, Асылбек Насирдинов сыяктуу чыгармачыл инсандардын, топтордун коштоосунда өттү. Рахат Көчөрбаевдин өнөрүн, эмгегин баалап КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
myshka406
2014-12-30 13:02:45
Азаматсынар
0
azat7277
2015-01-01 20:15:07
Кыргыздын кереметтуу куулорун жаныртып жаны жашоо бердиниз,Онорунуз оркундой берсин Рахат Сардалбекович!!! Сизди дуйно эли таанысын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан