Жалал-Абад облусунда каракчылык менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ колго түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Суусунбаев маалымдады. Окуя боюнча айтсак, 2012-жылдын 27-декабрында Базар-Коргон районунун тургуну, жеке ишкер Мавлянов М. аттуу жарандын үйүнө 5-6 адамдан турган кылмыштуу топ кирип, андан акча талап кылышкан. Үй ээсин коркутуп, кыйнап, 4 миң доллар, 142 миң сом акчасын жана 20 миң сомдук баалуу бумдарын алып кетишкен. Ал эми 2013-жылдын 8-январында Таш-Көмүр шаарында ушундай эле мүнөздө дагы бир кылмыш иши катталган. Чүмбөтчөн 3 адам жергиликтүү жашоочунун үйүнө кирип, 100 миң долларын алып кетишкен. "Азыркы учурда кылмышка шектүү жарандар кылган иштерин толугу менен моюнга алышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө", - дейт Суусунбаев.