Кечээ, 29-декабрда Ош шаарындагы №52-мектепте өткөн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын коллегиялык жыйынында аталган башкармалыкка караштуу бардык бала бакчаларга жаңы үлгүдөгү компьютер, принтерлер тапшырылды.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, ушул жылдын 16-декабрында бардык мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерди компьютер, принтер менен камсыз кылуу максатында тендер өткөрүлгөн. Учурда шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 30 бала бакча иш алып барууда.