Токтогул районуна караштуу Кой-Таш айылынан чыккан артиллериялык топ жана ӨКМнын ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолунун 239-чакырымында кечээ, 29-декабрда саат 10:34төн 11:50гө чейин 18 жолу аттыруу жүргүзүшүп, 12 000 куб метр кар көчкү түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары аяктап, жумушчулар Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында кечээ түнү түнөп калышкан. Ал эми бүгүн, 30-декабрда алар өздөрүнүн туруктуу жайгашкан жерлерине жөнөп кетмекчи.
Жалпысынан кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары башталгандан бери 58 артиллериялык атуу жүргүзүлүп, 70 000 куб метр кар көчкү түшүрүлдү.