Өткөн суткада өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, Кара-Суу районунда турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 30-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 3, Ош шаары 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 2, Жалал-Абад  1 өрт кырсыгы катталган.

Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен 2 кабаттуу, 100 чарчы метр бастырманын чатыры, 300 боо жүгөрү бакалы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин баласынын от менен ойногону себеп болгон. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен газдан жалын чыккан. Буга тиричилик буюмдарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан