6-февралда республиканын бардык облустарында мезгил-мезгили менен кар жаап, туман капташы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрди түзөт. Ал эми 6-февралга карата абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда - күндүз -4…+1°C, түнкүсүн -3...-8°C
Талас облусунда - күндүз -4…+1°C, түнкүсүн -3…-8°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында - күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -1…-6°C
Баткен облусунда - күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -1…-6°C
Ысык-Көл облусунда - күндүз -2...+3°C, түнкүсүн -2…-7°C
Нарын облусунда - күндүз -3...-8°C, түнкүсүн -6…-11°C
Бишкек шаарында - күндүз 0…-2°C, түнкүсүн -4…-6°C
Борбор калаада мезгил-мезгили менен кар жаап, түнкүсүн туман түшөт.