Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети акыйкатчынын орун басары кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин жактырды. Мындай чечим комитеттин 30-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.
Өткөн аптадагы жыйында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев өзүнүн орун басар кызматына Чолпон Осмонова менен Гүлгакы Мамасалиеванын талапкерлигин сунуштаганда депутаттар тандоодон баш тартышкан болчу. Аманбаев бул кызмат бош тургандыктан, сынактык негизде 6 талапкерден сунуш түшүп, анын ичинен экөө тандалып алынганын айткан. Анын үчөө эркек киши болгондуктан, алар бул укуктан ажыратылышкан эле.
Бүгүнкү жыйында Аманбаев депутат Жамгырчиеванын талапкерлигин алып чыгып, комитет бир добуштан жактырып беришти. Акыйкатчы депутаттардан талапкерди 2015-жылга калтырбай парламенттин жалпы кароосунан карап берүүнү суранды.