Президент Алмазбек Атамбаев учак кырсыгына байланыштуу Малайзиянын падышасы Абдул Халим Муадзам Шахка көңүл айтты. Бул тууралуу 30-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Малайзиялык компаниянын учагынын кырсыкка кабылганы боюнча кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ондогон адамдын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу каза болгондордун жакындарына көңүл айтам" деп айтылат маалыматта.
28-декабрда Индонезиядагы Сурабая шаарынан Сингапурга багыт алган малайзиялык учак дайынсыз жоголгон. Анда 162 адам болгону айтылган. Бүгүн Тынч океандагы Яван деңизинен 40тан ашуун адамдын сөөгү табылганы маалым болду.