Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына класстык чиндерди берүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына класстык чиндерди берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан бүгүн, 31-декабрда билдиришти.  

Кол коюлган жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын саясий, жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге жогорку класстык чиндерди берүү, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча сунуштарды кароо жана президентке киргизүү боюнча комиссиянын сунушу кабыл алынсын жана төмөнкүлөргө класстык чин берилсин: 

“Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”: 

Алишер Абдрахманов, Нуркамил Мадалиев, Кантемир Мурзабеков, Уланбек Нуркулов, Карамат Орозова, Майрамбек Расулов, Турсунтай Салимов, Бакыт Шаршеев.    

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан