Жогорку Кеңеште жаңы депутат Нурбек Касымбеков ант берди

Мурдагы депутат Дамира Ниязалиеванын бошогон ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Нурбек Касымбеков бекитилди. Касымбеков бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңеште расмий түрдө ант берди. 

Анын депутат болушу менен парламенттин депутаттары куттуктап, ишине ийгилик каалашты.

Айта кетсек, Касымбеков 2013-жылдын 11-февралынан бери президенттин алдындагы Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеп келген. 

Ал эми Д.Ниязалиева жакында вице-премьер-министр болуп дайындалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан