Жеке менчик бала бакчалардын санын көбөйтүү демилгеленүүдө
Жеке менчик бала бакчалардын санын көбөйтүү жана аларды салыктан
бошотуу максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоору бүгүн, 31-декабрда 1-окууда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Демилгечи
депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, менчик бала бакчаларды
салыктардан бошотуу менен бала бакчалардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө болот. "Бүгүнкү күндө менчик бала бакчалар жеке ишкерлер же фонддор
тарабынан гана курулуп келет. Мамлекеттин эсебинен куралы десек, каражат
жетпейт. Ошондуктан менчик бала бакчаларды салыктан бошотуп, ишкерлерди кызыктырышыбыз керек. Ушул жол менен биз бул маселелерди чечип алабыз",- деди Т.Зулпукаров.