Владимир Путин кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Бүгүн, 31-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты биргелешкен аракеттер менен мындан ары дагы бекемдеп, конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнү, анын ичинде евразиялык интеграциялык процесстин алкагында күчөтө беребиз деп ишенем. Бул Орусия менен Кыргызстандын элдеринин кызыкчылыктарына толук төп келет” деп белгиленет телеграммада.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан