Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-декабрда Кыргызстандын Бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу Бажы кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Бажы кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 23 жылдыгы менен куттуктайм!
Бажы кызматынын эң башкы милдеттеринин бири - өлкөбүздүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу. Бажы кызматы мамлекеттин бюджетин калыптандыргандыктан, жарандарыбыздын бакубатчылыгы жана өлкөбүздүн өнүгүшү көбүнесе cиздердин эмгекке байланыштуу.
Бажынын ишмердигинде дүйнөнүн жана өлкөнүн экономикасындагы өзгөрүүлөр күзгүдөй чагылат. Азыркы турмуш сиздердин кызматыңардын алдына бир катар жооптуу милдеттерди тагып, чымырканган эмгекти, жоопкерчиликти жана күжүрмөндүүлүктү талап кылууда.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кошулуу жөнүндө келишимге кол койду. Бул жагдай бажы кызматкерлерине өзгөчө милдет жүктөйт. Республикабыз жаңы союзга катышкан шарттарда сиздердин эмгек өлкөбүздүн экономикалык коопсуздугунун кызыкчылыгына багытталып, алдынкы эл аралык стандарттарга негизделген натыйжалуу бажы иштеринин узак мөөнөттүү негиздерин түптөөгө тийиш.
Акыркы жылдары Бажы кызматы камсыз кылган жыйымдардын көлөмү эселеп өстү. Бирок сиздердин мүмкүнчүлүк мындан дагы жогору. Коррупцияга жана көмүскө экономикага каршы күрөштү мындан ары дагы күчөтүү зарыл. Сиздердин катарыңыздарда Бажы кызматынын беделин түшүргөн ниети бузук адамдар болбош керек. Кесиптик милдетти так аткаруу, принципиалдуулук жана чынчылдык бажынын ар бир кызматкеринин башкы сапатына айланууга тийиш. Мунун баары республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн мындан ары толуктоого олуттуу таасир этиши керек.
Урматтуу кызматкерлер!
2015-жылдын босогосунда туруп, сиздердин кесиптик майрамыңыздарда баарыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык жана ынтымак, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм! Сиздердин эмгек мындан ары дагы Кыргызстандын жаркын келечегине жана өнүгүүсүнө жумшалат деп ишенем”.