“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда добуш берүүгө жиберди

Бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңеште өлкөнүн бир катар шаарларындагы жол коопсуздугун камсыз кылуу чараларын бюджеттен каржылоого багытталган мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун маалыматына караганда, “Коопсуз шаар” жана “Электрондук каттоо китепчеси” долбоорлорун ишке ашырууда көчөлөргө видеокөзөмөл жабдууларын орноткон жана аларды тейлеген компанияларды жол эрежесин бузгандардан түшкөн айып пул каражаттарынын эсебинен 50х50 катышында каржылоо сунушу киргизилүүдө. 

Асанов шаарлардын көчөлөрүнө видеокөзөмөл жабдууларын орноткон компаниялар 10 жылга чейин өздөрү тейлеп, андан соң толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берерин айтты.  

Айдоочулар жол эреже бузганына жараша сумманы төлөөгө милдеттүү болушат. Талкуудан соң депутаттар аталган мыйзам долбоорун 1-окууда добуш берүүгө жиберишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан