Жогорку Кеңештин 31-декабрдагы жыйынында СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Болот Миңжылкыевдин мемориалдык айкелин орнотуу жөнүндө маселе каралып, жактырылды. Маселенин демилгечиси - депутаты Каныбек Иманалиев.
Демилгечилердин айтымында, Болот Миңжылкыевдин эстелиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мариинск театрына орнотулмакчы. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө аталган театрда солист болуп иштеген.
Айта кетсек, 2015-жылы Болот Миңжылкыевдин туулганына 75 жыл болот. Ага "СССРдин Эл артисти" жана "Кыргыз ССРинин Эл артисти" деген наамдар ыйгарылган. Бир нече орден-медалдар менен сыйланган. Ал кезинде Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.