Бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эсенгул Исаков менен Сайдулла Нышановдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жыйында депутат Карганбек Самаковду парламенттин Фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгынан бошотуу маселеси каралып жаткан. Самаков “бул кызматка жабышып жаткан жокмун, "Ата Мекен" фракциясы менчиктеп алган орун эмес” деди. Андан кийин Э.Исаков залда отурган С.Нышановго карап “сен эмнени билесиң, отура берчи” деп айтты. Экөөнүн ортосуна депутат Уланбек Нуркулов да аралашып, Исаковго ачуулуу сөздөрдү айтты.
Депутаттар ортого түшүп арачалап калышты.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн 2014-жылдагы акыркы жыйынын өткөрдү.