Дмитрий Медведев президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

“Узап бара жаткан жыл Орусия менен Кыргызстандын практикалык кызматташуусунун бардык комплексин алга жылдырууда олуттуу жыйынтыктар менен белгиленди. Эки тараптуу соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштар туруктуу ыргакта өнүктү, Кыргызстанды Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу кошуу тууралуу маанилүү чечимдер кабыл алынды” деп белгиленет Медведевдин куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле орусиялык-кыргызстандык өз ара аракеттенишүүнү мындан ары күчөтүү, энергетикалык, өнөр жай жана инфраструктуралык биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкөнүн түптүү кызыкчылыктарына толугу менен жооп берет деген ишенимин билдирген.

Дмитрий Медведев Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан